Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 5-октябры № 158
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-статьяда:
2-бөлүк "наркына" деген сөздөн кийин ", ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес".
2. 23-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-глава
Монополияга каршы мыйзамдарга, керектөөчүлөрдүн
укугун коргоо, жарнак, бааларды (тарифтерди) түзүү
жана колдонуу тартиптери жөнүндө мыйзамдарга
шек келтирген администрациялык укук бузуулар".
3. 311-312-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"311-статья. Товар рыногундагы үстөмдүк абалдан кыянат пайдалануу
Чарбачылык субъекттин товар рыногунда үстөмдүк абалды пайдалануусу жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамы боюнча үстөмдүк абалды кыянат пайдалануу жана жол берилгис деп эсептелүүчү иш-аракеттери, эгерде мындай иш-аракетте кылмыштык жазык жок болсо, -
кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - укук бузуучунун укук бузуу жасалган рынокто товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчасынын суммасынан бирден он бешке чейинки пайыздык өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат, бирок товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчанын бүткүл суммасынын элүүдөн бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес.
Эскертүү. Ушул главаны колдонуу максаты үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акча деп, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аныкталуучу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан алынган акча түшүнүлөт.
312-статья. Атаандаштыкты чектеген макулдашуу түзүү же
атаандаштыкты чектөөчү макулдашылган иш-аракеттерди
жүзөгө ашыруу
Чарбачылык субъекттин атаандаштыкты чектеген жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамы боюнча жол берилгис макулдашууларды түзүшү же макулдашылган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруусу -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - укук бузуучунун укук бузуу жасалган рынокто товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынын өлчөмүнөн бирден он бешке чейинки пайыз өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".
4. 313-статьянын экинчи абзацында "ондон он беш" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 314-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"314-статья. Кара ниет атаандаштык
Чарбачылык субъекттердин ишкердик жүргүзүүдө артыкчылык алууга багытталган, мыйзамдын жоболоруна, ишкердик жүргүзүүнүн салттарына, тартиптүүлүктүн, чектен ашпоочулуктун жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, башка чарбачылык субъекттерди - атаандаштарын чыгымга дуушарлантышы мүмкүн болгон же дуушарланткан бардык иш-аракеттер, ушул Кодекстин 315-1-статьясында каралгандан башкалары, -
кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүз, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
6. 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 315-1-статья менен толукталсын:
"315-1-статья. Жарнама жөнүндө мыйзамды бузуу
"Жарнама берүүчүнүн, жарнама чыгаруучунун же жарнама таратуучунун жарнама жөнүндө мыйзамда каралган ченемдерди бузушу, -
жеке адамдарга - ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - жүздөн бир миңге чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 318-статьянын экинчи абзацында "бештен он" жана "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" жана "элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 319-статьянын экинчи абзацында "үчтөн беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 320-статьянын экинчи абзацында "үчтөн беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 321-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"321-статья. Монополияга каршы мамлекеттик органга маалыматты
бербөө же убагынан кечиктирип берүү, маалыматты толук
эмес көлөмдө берүү же маалыматты бербөө
Монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органына мыйзамда берилүүсү каралган маалыматты бербөө же убагынан кечиктирип берүү, ошого тете монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органына толук эмес же негизделбеген маалыматты берүү -
жарандарга - үчтөн бешке чейин, кызмат адамдарына - бештен онго чейин, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
11. 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 321-1-статья менен толукталсын:
"321-1-статья. Монополияга каршы мамлекеттик органга, анын
аймактык органдарына өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү
(арыздарды) бербөө
Монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органдарына өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) бербөө, эгерде мындай өтүнүч каттарды (арыздарды), билдирүүлөрдү берүү Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык милдеттүү болсо; атайылап туура эмес маалыматтарды камтыган өтүнүч каттарды (арыздарды), билдирүүлөрдү берүү, ошого тете өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) берүүнүн Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында белгиленген тартибин жана берүү мөөнөттөрүн бузуу -
жарандарга - бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейин, юридикалык жактарга - жүздөн бир миңге чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
12. 322-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"322-статья. Бааларды (тарифтерди) макулдашуунун тартибин бузуу
Бааларды (тарифтерди) коюунун жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен материалдарды макулдашууга бербей коюу (өз убагында бербөө), ошондой эле атайылап жалган (туура эмес) же толук эмес маалыматтарды (информацияны) берүү -
кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
13. 323-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"323-статья. Монополияга каршы мамлекеттик органдын көрсөтмөлөрүн
аткаруудан качуу
Монополияга каршы мамлекеттик органдын монополияга каршы мыйзамдын, жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө мыйзамдардын бузулушун жоюу жөнүндө көрсөтмөлөрүн аткаруудан же өз убагында аткаруудан качуу -
кызмат адамдары эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга тартылат.".
14. 324-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацында "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "- жыйырмадан элүү, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацында "жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "кызмат адамдарына элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 325-статьянын экинчи абзацында "бештен жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. 534-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"534-статья. Монополияга каршы мыйзамды, жарнама, керектөөчүлөрдүн
укуктарын коргоо, бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн
жана колдонуунун тартиби жөнүндө мыйзамдардын
сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу орган";
1-бөлүк "317-1" деген сандардан кийин "321-1," деген сандар менен толукталсын;
2-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- монополияга каршы мамлекеттик органдын аймактык органдарынын жетекчилери, алардын орун басарлары.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |