Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 5-октябры № 159
Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук террорчулукка каршы түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук террорчулукка каршы түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Көрсөтүлгөн Макулдашуунун 6-беренесин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аны ишке ашыруу боюнча компетенттүү орган болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жана аны ишке ашырууга жооптуу болгон компетенттүү орган жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына билдирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |