Бишкек шары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 13-июну, № 210 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ Турак жай курулушу үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык муктаждыктарынканааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облустук мамлекеттикадминистрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүнрайонундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн 75,5 га сугат айдоосун «Айылчарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери»категориясына которуу жөнүндө Жер бөлүү менен байланышкан маселелербоюнча республикалык комиссияга макулдашылган сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер Бишкек шаарынынмэриясына жеке менчик турак жай курууга андан аркы берүү үчүн өткөрүпберилсин. 3. Бишкек шаарынын мэриясы: - жер участокторду бөлүп берүүнү Кыргыз Республикасынын нормативдикукуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүшсүн; - бөлүп берилген жер участокторуна курулуш куруунун долбоорунаныкталган тартипте иштеп чыксын; - жерлерди айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү жыйналгандан кийиннатуралай бөлүп берсин; - жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдүкиргизишсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев