Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-августу № 137
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 127 токтому менен 2013-жылдын 12-августуна дайындалып, айылдык кеңештин 21 депутатынан 12 депутат катышып, 9 депутат белгисиз себептер менен катышкан эмес. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнүн талабы аткарылбагандыктан шайлоо өткөн эмес.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Козубеков Ж.Ш. өзүнүн берген арызынын негизинде, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 6-август 2013-жылдагы № 29/VI буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбаков Э.К. өзүнүн берген арызынын негизинде, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 12-август 2013-жылдагы № 176-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилова Карачач Жумаевнага Ильич айылдык кеңешинин 2013-жылдын 1-августундагы № 22-9-26 токтому менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бир добуштан ишенбестик билдирилген. Анын негизинде Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 13-август 2013-жылдагы № 190-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимова Т.С. өзүнүн берген арызынын негизинде, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 14-август 2013-жылдагы № 192-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесиндеги 2, 5-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 4-сентябрына дайындалсын:
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо;
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
2. Кочкор, Бакай-Ата, Жайыл, Кемин аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М.Аргымбаевке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Т. Абдраимов |
|
|