Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 5-октябры № 160
Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Баңги заттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына билдирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |