Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 11-октябры № 168
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьяда:
биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде белгиленген учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын граждандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарышат.
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этноско таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Мыйзам алдында бирдей.".
2. 5-статьянын биринчи абзацындагы "ички иштер органдары тарабынан" деген сөздөр "калктын укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Баш калкалоо берүү
Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерге ылайык саясий жүйөлөр боюнча куугунтукталган, ошондой эле адам укуктары жана эркиндиктери бузулган жүйөлөр боюнча чет өлкөлүк граждандарга баш калкалоо берет.".
4. 7-статьянын экинчи абзацындагы "ички иштер органдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана
кызматкерлеринин жана башка адамдардын артыкчылыктары
жана иммунитеттери
Бул Мыйзам жоболору мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен белгиленген адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн артыкчылыктарына жана иммунитеттерине тиешелүү болбойт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |