Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 12-октябры № 169
2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштугунун Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштугунун Сотунун Статуту ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Статуттун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитети болуп саналган депозитарийге билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |