Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2011-жылдын 17-октябры № 172
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1-бөлүктөгү "ачык жайгаштыруу" деген сөздөр "көпчүлүктүн алдына жайгаштыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктө:
- экинчи абзацтагы "эмиссиялоо" деген сөз "сатуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "ачык түрдөгү акционердик коом" деген сөздөр "ачык акционердик коом" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул Мыйзамда инвестициялык пайларды көпчүлүккө сунуштоо жолу менен башкаруучу компания тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген кардарлардан алынган инвестициялык активдеринен, ошондой эле ишенимдүү башкаруу процессинде башкаруучу компания тарабынан алынган мүлктөн турган, юридикалык жакты түзбөстөн обочолонгон мүлктүн комплекси инвестициялык пайлык фонд деп табылат.".
2. 2-статьяда:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Андеррайтер - баалуу кагаздарга жазылуу жүргүзүүгө же баалуу кагаздардын көпчүлүккө чыгарылган эмиссиясында баалуу кагаздарды сатууга же болбосо баалуу кагаздарга жазылууну же алардын башка жактар тарабынан сатылып алынышын камсыз кылууга милдеттенген баалуу кагаздардын эмитенти менен келишим түзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызмат адамы - директорлор кенешинин төрагасы, мүчөсү, инвестициялык фонддун аткаруу органынын жетекчиси жана мүчөсү, баалуу кагаздар рыногунун катышуучусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу кызмат адамы деп табылган адам.";
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Депозитардык иш - баалуу кагаздарга карата болгон укукту жана (же) укуктун эсебин алууга өтүшүн каттоо жана (же) ошол баалуу кагаздардын жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн арналган, ошондой эле менчик ээси же ошол баалуу кагаздардын номиналдык кармоочу менен түзүлгөн келишимдин (депозитардык келишимдин) негизинде жасалган бүтүмдөрдөн түшкөн акча каражаттарын сактоо боюнча иш.";
он алтынчы жана он жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Башкаруучу компания - башкаруучу компаниянын кардарларынын кызыкчылыктарында жана алардын эсебинен өзүнүн атынан инвестициялык активдерге ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.
Инвестициялык фонддун иши - өзүнүн баалуу кагаздарын чыгаруу жана көпчүлүктүн алдына жайгаштыруу жана тартылган каражаттарды баалуу кагаздар менен башка инвестициялык активдерге андан ары диверсифициялап инвестиция кылуу аркылуу акча каражаттарын тартуу боюнча иш.".
3. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Акционердик инвестициялык фонддун акцияларын чыгарууну каттоо
Акциялардын эмиссиясын жана же эмиссиянын проспектисин жана инвестициялык фонддун көпчүлүктүн алдына сунуш кылуусунун шарттарын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
4. 18-статьянын 1-бөлүгүндөгү "мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин" деген сөздөр "инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент Кыргызской Республики |
Р. Отунбаева |