Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2019-жылдын 2-августундагы N 111 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 18-октябры № 179

"Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө

1-берене.

 

"Бешинчи канал" жабык акционердик коому өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун жана маалыматтык мейкиндигин коргоону камсыз кылууга багытталган, мамлекеттик маалыматтык саясатты чагылдырган, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыган мамлекеттик парламенттик телекөрсөтүү каналы болуп кайра түзүлсүн.

 

2-берене.

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыккан чараларды кабыл алсын.

 

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

81-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кол коюлган

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Келдибеков