Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 19-октябры № 180
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо кир-
гизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү жана сан түрүндөгү "айыпталуучу" жана "актоочу" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тиешелүү жөндөмөдөгү жана сан түрүндөгү "айыпкер" жана "жактоочу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-статья менен толукталсын:
"9-1-статья. Камакта кармоочу жайлардан адамдарды которуунун
тартиби
Шектүү, айыпкер, соттолуучу (ага карата соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек) жазык иши убактылуу кармоочу изолятору же тергөө изолятору бар башка органдын өндүрүшүнө жана (же) тергөө өндүрүшүнүн орду же жазык ишин сотто кароо өзгөргөндө жазык ишин өткөрүп берүү учурларында соттун токтомунун (аныктамасынын), прокурордун, көзөмөлдөөчү прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн токтомунун негизинде камакта кармоонун бир жеринен камакта кармоонун башка жерине которулушу мүмкүн.".
3. 17-статьяга эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: анда камакта кармалып жаткан шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун (ордер-тапшырмасы) тарабында жазык ишине анын катышуусун ырастаган документ, жазык иши өндүрүшүндө болгон тергөөчү, прокурор, сот тарабынан берилген жактоочуну жазык ишине катышуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоо, ошондой эле анын инсандыгын ырастаган документ болгондо жактоочуга жолугушуу берилет.
Анын өндүрүшүндө жазык иши болгон тергөөчү, прокурор, сот коргоочунун өтүнүчү боюнча жактоочуга шектүүнү, айыпкерди же соттолуучуну жактоону өзүнө алган учурдан тартып анын катышуусун жазуу жүзүндөгү ырастоону токтоосуз берет.
Кылмыштарды жасоо жагынан шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын алардын жактоочулары менен алар камакта кармалган жайлардагы жолугушуулары дем алыш күндөрү да берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |