Загрузка документа…
КР 2012-жылдын 9-августундагы № 160 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 28-октябры № 187
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 377-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 34 жана 35-бөлүктөр менен толукталсын:
"Конкурс - чет өлкөлүк жана ата-мекендик инвесторлорго жер казынасын убактылуу пайдалануу укугун берүүнүн усулу, мында алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген конкурстун шарттары менен белгиленген белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алат.
Аукцион - жер казынасын убактылуу пайдалануу укугун берүүнүн усулу, мында ал укук тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын аукционго коюлган объекти үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөп берген жакка өтөт. Аукцион өткөрүүнүн тартиби, ага мүмкүн болуучу жер казынасын пайдалануучулардын катышуусунун шарттары, жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби, ошондой эле жер казынасын өздөштүрүүчү объект үчүн эсептешүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобо менен жөнгө салынат.".
2. 16-статьяда:
1-бөлүк "конкурс" деген сөздөн кийин ", аукцион" деген сөз менен толукталсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Конкурстун шарттарында инвесторлордун баалуулугу теңме-тең сунуштары болгондо ата-мекендик атаандашка артыкчылыктуу укук берүү милдеттүү каралууга тийиш.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Атаандаштардын зарыл санынын жоктугунан конкурс же аукцион эки жолу натыйжасыз өткөрүлгөн учурларда, жер казыналарын пайдалануу укугу түздөн-түз сүйлөшүүлөр жолу менен берилет.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"Жалпы мамлекеттик маанидеги кен байлыктарынан тышкары аукцион өткөрүү жолу менен же түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобого ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |