Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 31-октябры № 189
Бишкек шаарында 2011-жылдын 4-августунда кол коюлган "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 4-августунда кол коюлган "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда каржылоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |