Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 31-октябры № 190
Вена шаарында (Австрия) 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Вена шаарында (Австрия) 2011-жылдын 9-июнунда кол коголган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарылгандыгы жөнүндө ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |