Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 1-ноябры № 192
Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Программанын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетине билдирсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы көрсөтүлгөн Программанын жоболорун ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |