Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 1-ноябры № 193
Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Макулдашууга Кошумча протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Кошумча протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө көрсөтүлгөн Кошумча протоколдун жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |