Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 1-ноябры № 194
Кишинев шаарында 2009-жылдын 9-октябрында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы Бажы саясатынын принциптери жөнүндө Макулдашуунун колдонуусун токтотуу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Кишинев шаарында 2009-жылдын 9-октябрында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы Бажы саясатынын принциптери жөнүндө Макулдашуунун колдонуусун токтотуу тууралуу Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |