КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-ноябры № 196
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
1-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1501-ХII "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын V жана VI бөлүмдөрү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 165-ст.);
- 1997-жылдын 28-июлундагы № 58 "Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 469-ст.);
- 1999-жылдын 4-декабрындагы № 138 "2000-жылга Кыргыз Республикасынын бажы тарифин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 178-ст.);
- 2004-жылдын 12-мартындагы № 23 "2004-жылда ташылып келинүүчү товарларга карата Кыргыз Республикасынын Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 285-ст.).
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |