КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 3-ноябры № 199
2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы (Ош-Баткен-Исфана) улуттук жол тармагын реабилитациялоо долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоону) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы (Ош-Баткен-Исфана) улуттук жол тармагын реабилитациялоо долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоону) каржылоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына белгиленген тартипте кабарландырсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |