Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 12-ноябры № 206
"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 394-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьяда:
1-бөлүктүн жетинчи абзацындагы "коммуналдык" деген сөз алып салынсын:
2-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул учурларда республикалык, жергиликтүү бюджеттер, мамлекеттик органдардын бюджеттен тышкаркы каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка булактар каржылоо булагы болуп саналат.".
2. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "квартиралардын ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган," деген сөздөр "жайлардын ээлеринин жалпы мүлкү болуп саналган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |