КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 16-ноябры № 210
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
45-статьянын 4-пункту "камакка алуудан бошотуу" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган уулду (кызды) асырап алуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |