Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 16-ноябры № 213
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
77-статьяда:
6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Жеке же юридикалык жактардын менчигинде турган жер участогу убактылуу же объект курулганга чейин автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.";
7-пункт "капиталдык эмес объектилерди" деген сөздөрдөн кийин ", автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |