Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 18-ноябры № 217
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 66-2-статьянын экинчи абзацында "кырктан элүүгө чейинки" жана "жүздөн жүз элүүгө чейинки" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "элүүдөн жүзгө чейинки" жана "төрт жүздөн беш жүзгө чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 75-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "75-статья. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат берүүнүн тартибин жана чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасында ишке уруксат берүүнүн тартибин бузуу";
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат берүүнүн тартибин жана чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасындагы ишке уруксат берүүнүн тартибин бузушу -".
3. 75-1-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "75-1-статья. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана анда пайдалануунун тартибин бузуу";
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Иш берүүчүнүн Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана анда пайдалануунун тартибин бузушу -".
4. 76-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "76-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары ишке орношуусуна уруксат берүүнүн тартибин бузуу";
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары ишке орношуусуна уруксат берүү тартибин бузушу -".
5. 77-статьяда:
биринчи абзацтагы "лицензиясыз" жана "лицензияда" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "уруксатсыз" жана "уруксатта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзац "жети жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө" деген сөздөрдөн кийин ", ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 367-статьянын экинчи абзацында "бирден эки өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 389-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына - элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 389-1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 389-2-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2-бөлүктүн экинчи абзацында "бирден үчкө чейинки" деген сөздөр "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 391-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүчү адам тарабынан бир же бир нече бузуучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүсүнө же мыйзамсыз өтүүгө аракет жасоосуна алып келген транспорт каражатына мыйзамсыз кирүүсүн болтурбоо боюнча чаралар көрүлбөсө, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |