Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 18-ноябры № 218
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"адамдарды сатуу - эксплуатациялоо же башка пайда көрүү максатында, анын макулдугу менен же макулдугусуз, мажбурлоо, коркутуу, алдоо, уурдоо жолу менен жүзөгө ашырылган, адамды жалдоо, ташуу, жашыруу, алуу, берүү, сатуу-сатып алуу же башка мыйзамсыз бүтүм;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"адамдарды сатууга каршы күрөшүү - адамдарды сатууну алдын алууга, табууга, болтурбоого, адамдарды сатуунун кесепеттерин минималдаштырууга жана адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси;
адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралар;
адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды медициналык, психологиялык, социалдык, укуктук, маалыматтык жана башка жактан колдоого алууну камтыган иш-чаралар.".
2. 3-статьянын бешинчи абзацы "даяр экендигине карабастан" деген сөздөрдөн кийин "алардын укуктарын толук урматтоо менен" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 5-статьянын 2-пунктунун сегизинчи абзацынын расмий тилдеги текстинде "и на этой - на основе разработке" деген сөздөр "и на этой основе - разработке" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 7-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 9-статьянын 9-бөлүгү "даярдоо үчүн" жана "колдонулуп жаткан гуманитардык" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "кесиптик" жана "жалпы билим берүүчү" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 21-статьяда:
1-бөлүгү "туугандары" деген сөздөн кийин "же мыйзамдуу өкүлдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүгү "анын жеке өтүнүчү" деген сөздөрдөн кийин "же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
4-бөлүгү "жабыр тарткан адамдын" деген сөздөрдөн кийин "же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 23-статьянын 1-бөлүгүндө "милдеттүү" деген сөз "укуктуу" деген сөзгө алмаштырылсын; "кызматташууга тартууга" деген сөздөрдөн кийин "жана адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүгө" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 27-статьянын 2-бөлүгүндө "камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарына" деген сөздөр "балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча органдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |