МыйзамКүчүндө

КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219 «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция18.11.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 18-ноябры № 219

 

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-статьянын үчүнчү абзацындагы "дене боюндагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 5-статьянын бешинчи абзацындагы "дене тарбия жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды (майыптарды)" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 19-статьяда:

аталышында жана 1-бөлүктө "Дене тарбия жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (майыптардын)" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

статья төмөндөгүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды камсыз кылат.".

4. 36-статьянын 3-бөлүгүндө "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын дене тарбиясы жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды белгилеген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р. Отунбаева