(КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 12-декабры № 235
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
27-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Инсулин сыяктуу өмүр бою кабыл алынуучу дары-дармектерди мамлекеттик сатып алууда жеке көтөрүмдүүлүк эске алынышы керек.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |