Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 13-декабры № 236
"Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., N 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын расмий тилдеги аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 3-статьянын 2-бөлүгүндө "эл депутаттарынын жергиликтүү Советтерине" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 5-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жер участокторун бөлүү жана жекече турак үйлөрдү жайгаштыруу мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилген калктуу пункттардын башкы пландарына, деталдык пландаштыруу долбоорлоруна ылайык жүзөгө ашырылат.";
3-бөлүгүндө "эл депутаттарынын тийиштүү жергиликтүү Советтери" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6 жана 7-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Жекече турак үй куруу үчүн негиз
Жекече турак үй куруу төмөнкү документтердин негизинде жүзөгө ашырылат:
- жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтердин;
- жекече турак үйдүн долбоорунун:
- курулушка уруксаттын.".
6. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Короодогу участокто чарбалык жана турмуш-тиричилик
курулуштарын жана курулмаларды куруу жана
реконструкциялоо
Жарандар короодогу участоктун аймагында курууга уруксат документтерди албастан эле чарбалык жана башка турмуш-тиричилик курулуштарын жана курулмаларды, анын ичинде жекече турак үйгө уланган курулмаларды курууга жана реконструкциялоого укуктуу. Мындай жарандар көрсөтүлгөн иштерди мыйзамдарда белгиленген шаар куруу регламентине жана коопсуздук талаптарына ылайык жүзөгө ашырууга милдеттү.
Ушул статьяда каралган кыймылсыз мүлк объекттерине укуктарды мамлекеттик каттоо мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".
7. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Курулган жекече турак үйдүн ылайыктуулугун баалоо
Курулган жекече турак үйдүн ылайыктуулугун баалоо ыктыярдуу негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
Эгерде ылайыктуулугун баалоо жүргүзүлбөсө , жекече турак үйдү пайдаланууга берүү менчик ээси тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат, мында объекттин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси тартат.
Объекттин менчик ээси жекече турак үй курулуп бүткөн күндөн тартып бир айдын ичинде курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу органга объекттин техникалык уруксат регламенттердин талаптарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайыктуулугу жөнүндө кабарландыруу жөнөтүүгө.
Объект келишимдин негизинде курулганда кабарландырууга объекттин мыйзам талаптарына ылайыктуулугун жана менчик ээси аны кабыл алганын ырастаган объекттин менчик ээси менен подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү тиркелет.
Курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабарландырууну алганы жана тиешелүү реестрге ушул объект боюнча маалыматтарды киргизгени жөнүндө ырастоо берет.
Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.".
8. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Жекече турак үйлөрдү камсыздандыруу
Жекече турак үйлөрдү камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев
2011-жылдын 17-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |