Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 13-декабры № 237
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, модернизациялоо, пайдалануу мөөнөттөрүн узартуу жана керектен чыгаруу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, модернизациялоо, пайдалануу мөөнөттөрүн узартуу жана керектен чыгаруу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун Катчылыгын кабарландырсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Атамбаев
|