Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 16-декабры № 239
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 186-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "экиден беш" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "бештен он" деген сөздөр "ондон он беш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 193-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген жайыттарды жана чөп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген режимди бузуу,-
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына - бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |