Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 21-декабры № 242
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 3, 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьянын 1-бөлүгүнүн 35-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып милдеттүү түрдө лицензияланууга жаткан ишкердиктин түрлөрүнүн тизмесинен ушул Мыйзам менен алып салынган, ишкердиктин түрлөрүнө берилген лицензиялар юридикалык күчүн жоготоору, ал эми ишкердиктин бул түрлөрү боюнча лицензия берүү үчүн кароого келип түшкөн документтер арыз ээлерине кайтарылып берилээри белгиленсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
КР 2013-жылдын 19-августундагы № 195 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 18-октябры № 194
«Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
«Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1040-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде:
9-пунктта «, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан» деген сөздөр «белгиленген формадагы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-пунктта «өзүнүн кесиптик жактан компетенттүүлүгүн далилдеген жана» деген сөздөр алып салынсын.
2. 5-берененин 9-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Энергетикалык сертификаттын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.».
3. 6-беренеде:
1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4-бөлүктө:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптарын иштеп чыгуу;»;
6-пунктта «бекитүү жана» деген сөздөр алып салынсын.
4. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг имараттардын энергетикалык сертификаттарын жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетторду экспертизациялоо жолу менен жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.».
5. 10-берененин 4-бөлүгүндө «бир нече жолу» жана «ажыратылышы мүмкүн» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «үч жолу» жана «ажыратылат» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 12-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |