Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 21-декабры № 243
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кыл жөндөмөлөрдөгү жана сандык түрдөгү "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрдө "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 2-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушуна, жүзөгө ашырылышына жана токтолушуна байланыштуу келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.".
3. 12-статьянын 1-бөлүгүндө "пункттарында" деген сөз "бөлүктөрүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |