Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 21-декабры № 245
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 185-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү анча чоң эмес өлчөмдө жасалса, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү айдоолордун менчик ээсине олуттуу зыян келтирсе, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кыркка чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эки өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "экинчи жана үчүнчү" деген сөздөр "үчүнчү жана төртүнчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацында "бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Эгерде айыл чарба өндүрүүчүсүнө келтирилген зыян он эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаса, ушул статьяда каралган аракеттер анча чоң эмес өлчөмдө жасалган деп таанылат.
Эгерде келтирилген зыян он эсептешүү көрсөткүчүнөн ашып кетсе, ушул статьяда каралган аракеттер олуттуу өлчөмдө жасалган деп таанылат.".
2. 506-статьянын 7-пунктчасында "пайдалануучулардын укугун коргоо боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
3. 534-1-статьяда:
аталышында жана статьянын текстинде тиешелүүлүгүнө жараша "керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча" жана "керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
статья "90, 92, 93" сандарынан кийин "185," саны менен толукталсын.
4. 614-статьянын 3-пунктунун бешинчи абзацында "керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |