Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 22-декабры № 249
"Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 368-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 11-статьяда:
экинчи абзацтагы "транспорт каражаттарын жана аны менен ташылып бараткан жүктөрдү жана башка мүлктү карап көрүүгө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык чек ара контролун жүзөгө ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он биринчи жана он экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Мыйзамдын 4-статьясынын биринчи бөлүгүнүн жетинчи жана сегизинчи абзацтарында каралган милдеттерди аткаруу максатында, бажы органдары менен бирдикте мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункту аркылуу өтүп жаткан адамдардын транспорт каражаттарын, товарларын, жүктөрүн, мүлкүн жана башка буюмдарын карап көрүүнү жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынан алып чыгууга же Кыргыз Республикасына алып кирүүгө тыюу салынган буюмдарды, ошондой эле контрабандалык буюмдарды белгиленген тартипте алып коюуга жана Кыргыз Республикасынын бажы жана башка органдарына өткөрүп берүүгө;".
2. 12-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- чек ара контролун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |