Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 22-декабры № 251
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж.,№12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласындагы "Мамлекеттик бажы комитетинин" деген сөздөр алып салынсын;
Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча;
- ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- ар кандай жөндөмөлөрдөгү "төрага" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жетекчи" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Бажы органдарына кызматка кабыл алууда полиграфта тестирлөө системасы пайдаланылат.".
3. 7-статьянын 2-пунктунда:
8-пунктчасы "өзүнүн кызматтык" деген сөздөрдөн мурда "саясий партиянын мүчөсү болууга," деген сөздөр менен толукталсын;
9-пунктчасы "иш таштоолорду" деген сөздөрдөн кийин ", манифестацияларды, митингдерди, демонстрацияларды" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 8-статьяда "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык инспекциясынын органдарына" деген сөздөр "мамлекеттик кызмат иши боюнча ыйгарым укуктуу органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Бажы органдарындагы кызмат жөнүндө контракт
Бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жана анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Контракт үч жылдык мөөнөткө түзүлөт."
6. 10 жана 11-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Бажы органдарына кызматка кирүү
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрлар резервинде турган Кыргыз Республикасынын жараны ушул Мыйзамдын 11-статьясына ылайык бажы органдарына кызматка кирет.
11-статья. Кадрлар резерви
Кадрлар резерви бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү талапкерлердин арасында тиешелүү сынактарды өткөрүү аркылуу түзүлөт:
- сынактык тандоого катышкан жана кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак комиссиясы тарабынан сунушталган жарандар;
- бажы органында кызматта жүргөн, аттестациянын натыйжалары боюнча жогорулатууга сунушталган жана аларды резервге киргизүү тууралуу арыз берген кызматкерлер.
Кадрлар резервине киргизүүнүн жана андан чыгаруунун шарты жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
7. 17-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин ээлеген кызмат орду боюнча милдеттери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү кызматтык нускама менен аныкталат.".
8. 18-статьяда:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
4 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
7-пунктта:
- үчүнчү абзацында ", жеке өтүнүчү боюнча, үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, саламаттыгына байланыштуу, иштеген кызматынан бошонуу менен окууга тапшыргандыгына байланыштуу, ошондой эле окуусун бүткөндөн кийин кызматка дайындалганда" деген сөздөр алып салынсын;
- төртүнчү абзацтын расмий тилдеги редакциясында "- по результатам" деген сөздөр ", по результатам" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 29-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Аттестацияланган, кызматтык тартипти бузган кызматкерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүүдө полиграфта тестирлөө системасы колдонулат.".
10. 47-төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47-статья. Бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин аттестациялоо мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
11. 48-статьяда:
статьянын бүткүл тексти боюнча "тийиштүү бажы органынын башчысынын" жана "бажы органынын башчысынын" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктта:
- 4-пунктчасында "контрактка каралган" деген сөздөр "контрактта каралган шарттар, ошондой эле" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) аттестациянын же квалификациялык экзамендин натыйжалары менен ырасталган жетишсиз квалификациянын натыйжасында ээлеген кызматына ылайык келбөө;".
12. 49-статьянын 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |