Загрузка документа…
КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 23-декабры № 252
"Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-пункттун алтынчы абзацында "Мекендин" деген сөз "мамлекеттин" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- мыйзамдардын, начальниктин буйруктарынын жана тескемелеринин, анттын жана ушул Уставдын кынтыксыз аткарылышын талап кылууга;".
3. 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кол алдындагы баш ийүүдөн баш тарткан учурда начальник тартипти калыбына келтирүү үчүн мыйзамдарда жана уставдарда белгиленген мажбурлоо чараларын көрүүгө милдеттүү.".
4. 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ушул Уставдын 7-пунктунун 4, 5 жана 7-пунктчалары менен каралган сыйлоолор Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин буйруктарынын негизинде гана колдонулат.
Бажы органдарынын кызмат адамдарын энчилүү атылбас жана ок атылуучу курал менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Сыйлоо чарасы катары жаза салынган учурдан тартып кеминде алты ай өткөндөн кийин мурда салынган жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу колдонулушу мүмкүн. Кызмат адамынан бир убакта бир гана жаза алынышы мүмкүн. Салынган тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу менен катар бир эле убакта сыйлоо катары сыйлоонун башка түрлөрү колдонулбоого тийиш.
Кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, мамлекет алдында сиңирген көрүнүктүү эмгеги, кызмат ишиндеги жогорку көрсөткүчтөрү үчүн кызмат адамдары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүлүшү мүмкүн.
Сыйлыктын түрүн аныктоодо кызмат адамынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы ийгилиги жана ак ниеттүүлүгү, кылган кызматынын узактыгы жана кынтыксыздыгы, өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткарганы эске алынат.
Сыйлоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктары менен жарыяланат.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечими менен жарыяланган тартиптик жаза, сыйлык катары бажы иши чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечими менен гана алынат жана буйрук менен жарыяланат.
Кызматына толук эмес ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү бир жылдан эрте алынбайт.
Атайын наамын төмөндөтүү катары тартиптик жазаны алып салуу атайын наамы төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте жүзөгө ашырылбайт. Атайын наамы төмөндөтүлгөн бажы органдарынын кызмат адамдары ээлеген кызматына карабастан тартиптик жазаны алып салуу менен бир эле убакта мурдагы атайын наамына калыбына келтирилет.
Тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу үчүн түздөн-түз начальниги бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү сунуштама берет.
Алкыш жарыялоо түрүндө сыйлоо айрым кызмат адамына карата, ошондой эле бажы органынын жалпы өздүк курамына карата колдонулушу мүмкүн.
Баалуу белек же акчалай сыйлык түрүндө сыйлоо бажы органынын кызмат адамына карата төмөнкү ийгиликтери үчүн берилиши мүмкүн:
- өз кызматтык (функциялык) милдеттерин жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн;
- ишинин натыйжалары боюнча көрсөткүчтөрүн кыйла жакшырткандыгы үчүн;
- бажы ишин өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүүдөгү ийгиликтери үчүн;
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча айрым иш-чараларды өткөргөндүгү үчүн.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак грамотасы, грамотасы, төш белгиси же башка ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо түрүндө сыйлоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак грамота, грамота, төш белги жана башка ведомстволук сыйлыктар жөнүндө тийиштүү жоболорунда каралган тартипте колдонулат.
Кызмат адамына атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу же ээлеген кызматы боюнча каралган наамдан бир баскычка жогору наам ыйгаруу түрүндө сыйлоо көрсөткөн эрдиги жана жанын аябаган, ошондой эле кызматындагы мыкты аракеттери жана жогорку натыйжалары үчүн колдонулат. Мөөнөтүнөн мурда же бир баскычка жогору кезектеги атайын наамды ыйгарууга кызмат адамын мурдагы наамынын белгиленген кызмат мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес жылдары өткөндөн кийин көрсөтүлүшү мүмкүн.
Энчилүү атылбас же ок атылуучу курал менен сыйлоо түрүндө сыйлоо кызматтык милдетин аткарууда баатырдык, эрдик көрсөткөн жана жанын аябай өзгөчө айырмаланган, оперативдүү-кызматтык иштеринде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, мамлекетке жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары алдында өзгөчө эмгек сиңирген кызмат адамдары үчүн ардактуу сыйлык болуп саналат.".
5. 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пунктча менен толукталсын:
"5-1) атайын наамын үч жылдык мөөнөткө бир баскычка төмөндөтүү;".
6. 10-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 13 жана 14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Тартиптик жаза берүү жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда кызматтык териштирүү болууга тийиш. Ал күнөөлүү адамдарды жана жорук жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды табуу максатында жүргүзүлөт. Кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн натыйжасында күнөөлүү адамдан жазуу жүзүндө түшүнүк алынууга тийиш.
Түшүнүк берүүдөн баш тартуу тартиптик жазаны колдонуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт, эки же андан көп адамдын колу коюлган акт менен жол-жоболоштурулат жана кызматтык териштирүүнүн материалдарына тиркелет.
Кызмат адамынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындоо учурларын кошпогондо, жорукка жол берген кызмат адамы кызматтык териштирүү аяктаганга чейин төмөнкү учурларда кызматтык (функциялык) милдеттерин аткаруудан четтетилет:
1) ишке алкоголдук, баңгилик же токсикалык мас абалында келүү. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же бир нече адамдын колу коюлган акт менен ырасталат жана ал кызматтык териштирүүнүн материалдарына тиркелет;
2) ушул Уставдын 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча;
3) анттын жана буйруктардын талаптарын аткарбаганда;
4) бажы органдарынын мүлкүнүн сакталышынын бузулушуна жана укукка жатпаган пайдаланууга алып келген негизсиз чечим кабыл алынганда;
5) эгер бул документтер же маалыматтар кызматка кабыл алууга негиз болсо, кызматка кабыл алууда кызмат адамы тарабынан жалган документтерди же атайылап жалган маалыматтарды бергенде.
Кызмат адамын кызматтык (функциялык) милдеттерин аткаруудан четтетүү тууралуу чечимди бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алат.
Ээлеген кызмат ордунан четтетилген бажы органынын кызмат адамы кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча биротоло чечим чыгарылганга чейин мурдагы ээлеген кызматы боюнча өзүнүн кызматтык (функциялык) милдеттерин аткарууну токтотот жана бажы органынын начальнигинин тескөөсүндө болот. Кызматтан четтетүү мезгилинде бажы органынын кызмат адамына акчалай күтүү сакталат.
Жасалган жорукта жазык кылмышынын курамынын белгилери табылган учурда, кызмат ордунан четтетүү тергөө жана сот органдары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте чыгарылган чечимдин негизинде жүргүзүлөт. Кызмат адамына карата ээлеген кызмат ордунан четтетүүнүн мөөнөтү сегиз айлык мөөнөттөн ашып кеткенде, иш боюнча биротоло чечим чыгарылганга чейин бажы органынын кызмат адамына карата "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясынын 5-бөлүгүндө каралган жоболор колдонулат.
Жасалган укук бузуу үчүн мыйзамда жазык жоопкерчилиги каралган учурларда, начальник тергөө органдарына тиешелүү материалдарды өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Тартиптик жаза жасалган жорук жөнүндө начальникке белгилүү болгон күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен берилиши керек, ал эми кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн же жазык иши козголгон учурда кызматтык териштирүү аяктаган күндөн тартып же жазык ишин козгоодон баш тарткан же токтоткон күндөн тартып, күнөөлүүнүн ооруган же анын өргүүдө же иш сапарда жүргөн убактысын санабаганда, бир айдан кечиктирбестен берилиши керек.
Эгерде жорук аныкталган күндөн тартып алты айдан ашык өтсө, ал эми ревизиянын, финансылык-чарбалык ишти текшерүүнүн же аудитордук текшерүүнүн натыйжалары боюнча жорук жасалган күндөн тартып эки жылдан кеч эмес тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жазык иши боюнча өндүрүш убактысы кирбейт.
Кызмат адамы тарабынан даттануу берилген учурларда тартиптик жазаны аткарууга келтирүү токтотулбайт.
Тартиптик жаза төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн эмес:
- кызмат адамы ооруп жаткан убакта;
- кызмат адамы өргүүдө же иш сапарда болгон мезгилде.
Тартиптик жаза бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктары менен жарыяланат.
Тартиптик жаза жарыялоодо кызматтык тартипти бузуусунун жана колдонулуп жаткан тартиптик жаза түрлөрү көрсөтүлөт. Тартиптик жаза колдонулганы тууралуу буйрук кызмат адамынын колун койдуруу менен жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралбаган тартиптик жаза чараларын колдонууга тыюу салынат.
14. Тартиптик жаза берилген кызмат адамына карата кызматы боюнча көтөрүү, сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө маселе тартиптик жазаны алып салганга чейин каралбайт.
Эгер кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү түрүндө тартиптик жаза берилгенден кийин бир жылдын ичинде бажы органынын кызмат адамы өзүнүн жүрүм-турумун кызматка карата ак ниет мамилеси менен оңдобосо, анда ал белгиленген тартипте кызматтан төмөндөтүү же бажы органдарынан кызматтан бошотуу түрүндөгү тартиптик жазага көрсөтүлөт.
Наамын бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза башка тартиптик жаза күнөөлүү адамга тийиштүү таасир бере албай калган же жасалган жоруктун оордугу жазанын бул түрүнө ылайык келген учурда колдонулушу мүмкүн.
Атайын наамдан бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү жаза берилген кызмат адамына жазаны жарыялоодо тийиштүү айырмалоо белгилерин алмаштыруу үчүн убакыт аныкталат. Кызмат адамынын инсандыгын кемсинткен погонду жулуп алуу, бастыра тигилген белгилерди кесип салуу жана башка аракеттерге тыюу салынат.
Эгерде жаза берилген күндөн тартып бир жылдын ичинде ал жаңы тартиптик жазага тартылбаса, кызмат адамына буйрук менен жарыяланган тартиптик жаза алынды деп эсептелинет. Кызматка толук эмес ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү жана атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жазаны кошпогондо, мында тартиптик жаза, буйрук чыгарылбастан эле автоматтык түрдө жоюлат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |