Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 28-декабры № 254
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж.,№1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берененин он экинчи жана он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жайыт белети - жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жана жайыт пайдалануучуну жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөсүнүн жайыт пайдалануу статусуна ээ кылуучу документ.
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт.".
2. 3-беренеде:
2-бөлүктө:
"тышкы чектери" деген сөздөр "чектери" деген сөзгө алмаштырылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү жайыт участокторунун чектерин белгилөө процессинде чектери талаш-тартыштарды пайда кылган учурда төмөнкүдөй белгиленет:
- колхоздорго жана совхоздорго мамлекеттик акт боюнча пайдаланууга берилген жерлердин чектеринде;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин чектерин аныктоо боюнча материалдарга ылайык колхоздор жана совхоздор узак убакытка пайдаланган мамлекеттик жер запастарынын курамына кирген жерлердин чектеринде.
Мамлекеттик токой фондусунун курамына 1997-жылдын 15-апрелинде кайтарылган токой фондусунун жерлерине ушул бөлүктүн төртүнчү абзацынын жоболору жайылтылбайт.";
3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4, 5 жана 6-бөлүктөрдө "тышкы" деген сөз алып салынсын.
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1-берене. Жайыттарды пайдалануу
1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу планына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.".
4. 4-берененин 3-бөлүгү ", ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторун" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 5-беренеде:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү бирикмеден ушул Мыйзамдын жоболорунун аткарылышын, ошондой эле аларга бирикменин иши жөнүндө кандай гана болбосун маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жайыт пайдалануучулар бирикменин алдында жайыттарды пайдалануу пландарынын аткарылышы үчүн жооп берет.".
6. 6-беренеде:
2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жайыт комитети жайыт пайдалануучулар бирикмесинин учурдагы иштерине жетекчиликти жүзөгө ашырат.";
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жайыт комитетинин мүчөлөрү бирикменин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнүн ичинен үч жылга шайланат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы Жайыт комитетинин кеңешинин төрагасы болуп саналат.";
4-бөлүктө ", ал эми жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк санын түзүшү" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүктө:
алтынчы абзац ", ошондой эле жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- бирикменин жалпы чогулушунун компетенциясына гана таандык маселелерди кошпогондо, бирикменин учурдагы ишин жетектөөнүн башка маселелери.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"8. Жайыт комитети өз ишинин бардык маселелери боюнча жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушуна отчет берет.
9. Бирикмеге кирген жайыт пайдалануучулардын чейрегинин талабы боюнча жайыт комитетинин компетенциясына таандык кандай гана маселе болбосун жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунун кароосуна киргизилиши мүмкүн.".
7. 7-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча коомдоштуктун планын түзүүдө жайыт комитеттери коомдоштуктун планын бекитүү учуруна карата бул органдардан келип түшкөн маалыматтарга ылайык курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын планын эсепке алууга милдеттүү.";
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "тышкы жана негизги ички" деген сөздөр алып салынсын.
8. 8-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "жайыт белеттеринин бардык ээлеринин" деген сөздөр "адамдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
9. 10-беренеде:
1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөө төмөнкүдөй аныкталат:
- иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык;
- иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн акыга барабар өлчөмдө;
- иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо төлөм алынбайт.".
10. 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Жайыттардын абалына баа берүү жана аларды башкарууну
контролдоо
1. Жерлердин мониторингин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар жыл сайын жайыт жерлеринин абалына баа берүүнү жүзөгө ашырат.
2. Баа берүүнүн натыйжалары жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
3. Алынган маалыматтарды кароонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттардын абалынын начарланышына алып келүүчү бузууларды четтетүү тууралуу эскертмелерди жиберет.".
11. 14-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- жайыт пайдалануучулардын бирикмелери тарабынан жайыттарды пайдаланууну контролдоонун жүзөгө ашырылышы.".
12. 16-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Чектери ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык белгиленүүчү жер участокторуна укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууда мамлекеттик каттоо органы кошумча изилдөөлөрдү жүргүзбөстөн алынган көрсөткүчтөргө ылайык чектерди белгилөөнү жүзөгө ашырат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |