Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 29-декабры № 256
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж.,№2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
Өзгөчө абал - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара.
Аймактын коменданты - өзгөчө абал киргизилген жердеги аймактык комендатуранын ишин жетектөөчү жана өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну жүзөгө ашыруучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу кызмат адамы.
Аймактык комендатурасы - өзгөчө абал киргизилген жердеги өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү убактылуу атайын орган.
Өзгөчө абал киргизилген аймактын чек аралары - Кыргыз Республикасынын бир же бир нече администрациялык-аймактык бирдиктеринин аймагы.
Атайын өткөрмө - өзгөчө абал киргизилген аймактын чек араларында жүрүүгө, келүүгө (кетүүгө), кирүүгө (чыгууга) укук берген аймактын коменданты тарабынан берилүүчү бир жолку же убактылуу документ.".
2. 2-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 4-6-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун же Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоонун кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Президенти ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн учурларда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине токтоосуз билдирет.
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абалды киргизет, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат.
6-статья.
Өзгөчө абал учурунда Кыргыз Республикасы мыйзамдуулук, айкындуулук жана убактылуулук принциптерин жетекчиликке алат.".
4. 7-статьяда:
1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Мыйзамында" деген сөз "Жогорку Кеңешинин токтомунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "Мыйзамы" деген сөз "Жогорку Кеңешинин токтому" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-статьяда "ырастоого" деген сөз "бекитүүгө" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому, ошондой эле айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.".
7. 11-статьяда "кубатталбаган" деген сөз "бекитилбеген" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. 12-статьяда "кубатталган" деген сөз "бекитилген" деген сөзгө алмаштырылсын.
9. 15-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья.
Айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бир учурда же болбосо өзүнчө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өзгөчө абал киргизилген аймакта ушул Мыйзамга ылайык башкаруунун өзгөчө түрлөрү киргизилиши мүмкүн.".
10. 16-статьяда "жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деген сөздөр ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья.
Өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн өзгөчө абал киргизүү жөнүндө актыны кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты дайындалат.
Өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты өзгөчө абал киргизилген аймактын чек араларынын чектеринде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуучу жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоо, ушул Мыйзамдын 22-статьясында каралган өзгөчө чараларды колдонуу үчүн жооп берет, ошондой эле ушул максаттарда:
1) өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу маселелери боюнча уюштуруучулук-укуктук таризине жана менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдар жана кызмат адамдары, жарандар, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймакта турган (жайгашкан) коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, аскердик түзүлүштөрдүн башчылары (зардалдары) тарабынан тийиштүү аймакта аткаруу үчүн милдеттүү жана өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн кошумча тартууга өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
2) коменданттык сааттын убактысын жана аракеттенүү мөөнөтүн белгилейт;
3) өзгөчө абал киргизилген аймакка кирүүнүн жана андан чыгуунун өзгөчө режимин аныктайт;
4) курал-жарактарды жана ок-дарыларды, алкоголдук продукцияны, дары-дармек каражаттарын жана баңги каражаттарын, психотроптук таасири күчтүү заттарды камтыган дары-дармектерди сатуунун өзгөчө режимин аныктайт;
5) Ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 5-пунктунда көрсөтүлгөн алынган курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыруучу жана башка заттарды, аскер техникаларын сактоонун тартибин жана ордун аныктайт;
6) айрым жерлерде өзгөчө абал киргизилгенде белгиленген тартипте өзгөчө абал режимин бузган жана ушул аймакта туруктуу жашаган орду болбогон адамдарды, өзгөчө абал киргизилген аймактын чегинен сырткары чыгарат;
7) иш-чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү аныктайт, алардын кызмат адамдары, жарандар жана уюмдар тарабынан аткарылышын контролдойт;
8) өзгөчө абал шарттарында колдонулуучу айрым чаралардын аткарылуу тартиби жөнүндө тиешелүү аймактын калкына жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдайт;
9) өзгөчө абал киргизилген аймакта журналисттерди аккредитациялоонун өзгөчө тартибин жана алардын иштөө тартибин белгилейт.
Өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты көрсөтүлгөн аймактын комендатурасын жетектөөнү жүзөгө ашырат. Комендатуранын иши өзгөчө абал киргизүү жөнүндө актыны кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
Өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты өзгөчө абал киргизилген аймакта иштеп жаткан мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын бардык жыйналыштарына катышууга жана ушул Мыйзамда анын компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
Эгерде өзгөчө абал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен башкача каралбаса, өзгөчө абал киргизилген аймакта комендатураларды түзүү көрсөтүлгөн аймакта иштеп жаткан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин токтотпойт.
Ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча өзгөчө абал киргизилген бөтөнчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коргонуу, ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине тиешелүү өзгөчө абал киргизилген жерде биргелешкен оперативдик штабды түзүү жана комендантты дайындоо тапшырылышы мүмкүн.".
12. 19-статьяда "15 жана 16-статьяларында" деген сөздөр "15-17-статьяларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 22-статьяда:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) коомдук тартипти, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого коргонуу жана Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрүн тартууну;";
11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) эмгекти коргоонун талаптары милдеттүү сакталганда ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө үчүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн эмгекке жарактуу жарандарды жана транспорт каражаттарын тартууну;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 21-25-пункттар менен толукталсын:
"21) мыйзамдарда белгиленген тартипте ордун толтуруу менен мүлктү алууну;
22) өсүмдүктөрдү, айбанаттарды жана башка мүлктөрдү жок кылууну;
23) финансылык операцияларды жүргүзүүнү жөнгө салууну;
24) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлору, туулган күндөрдү жана башка салтанаттуу иш-чараларды) өткөрүүнү жөнгө салууну;
25) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык резервди пайдаланууну.".
14. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья.
Өзгөчө абал убагында конституциялык мыйзамды, мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө, референдум жана мамлекеттик органдарга шайлоолорду өткөрүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекеттик органдардын түзүлүштөрүнө, функцияларына жана ыйгарым укуктарына кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.".
15. 29-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статья.
Жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле кызмат адамдары ушул Мыйзамдын 22-статьясында каралган талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.";
2-бөлүгүндө "жеке жактар, кооперативдик, коммерциялык жана жекече фирмалардын, анын ичинде чет элдиктердин" деген сөздөр "жеке жана юридикалык жактардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 34-статьяда "эл сотунун" деген сөздөр "райондук (шаардык) соттун судьясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |