Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы №1
Чаек айылдык кеңешинин депутаты А. Өмүровдун сунушу жөнүндө
Күн тартибиндеги сунушталган маселе боюнча Актатыр айылындагы Жалгыз-Тал көчөсүнүн атын Осмоналиев Садырдын атын берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаты А. Өмүровдун сунушун угуп, Чаек айылдык кеңешинин сессиясы талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Актатыр айылынын Жалгыз-Тал көчөсүнө, Осмоналиев Садыр атындагы көчө деген наам берилсин.
2. Осмоналиев Садыр көчөсүнүн атын жаздырып, үй номерлерин илдирүү жана жолду ондоп, көчөнү ирээтке келтирүү жагы үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына жүктөлсүн.
3. Жалгыз-Тал көчөсүндөгү илинген мурдагы үй номерлери алмаштырылбасын жана өзгөртүүсүз калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Токтоналиевага милдеттендирилсин.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Бөдөшбеков |