Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы № 3
Чаек айылдык кеңешинин депутаты Н. Исмаилованын жазган кайрылуу каты жөнүндө
Күн тартибиндеги сунушталган «Кыргыз почтасы» Жумгал райондук бөлүмүнүн алдына отургуч орнотуу боюнча, депутат Н. Исмаилованын Чаек айылдык кеңешине жазган кайрылуу каты боюнча сунушун угуп, Чаек айылдык кеңешинин сессиясы талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Кыргыз почтасы» Жумгал райондук бөлүмүнүн алдына бирдей типтеги, отургуч жасатылып орнотулсун.
2. Бирдей типтеги отургуч жасатуу жагы «Кыргыз почтасы» Жумгал райондук бөлүмүнүн башчысы Н. Исмаиловага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Бөдөшбеков |