Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы №4
Күн тартибиндеги сунушталган «Кыргыз почтасы» Жумгал райондук бөлүмүнүн алдындагы эки түп терек, бир түп талды кыйуу боюнча, депутат H. Исмаилованын Чаек айылдык кеңешине жазган кайрылуу каты боюнча сунушун угуп, Чаек айылдык кеңешинин сессиясы талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Кыргыз почтасы» Жумгал райондук бөлүмүнүн алдындагы 2 (эки) түп терек, 1 (бир) түп тал имаратка жыгылып калуу коркунучунда жана көчөдөгү жарандарга тоскоолдук болуп жаткандыктан кыйууга уруксаат берилсин. ( К. Р. Ө айлана -чөйрөнү коргоо боюнча уруксааты тиркелет).
2. Теректерди кыйууда техникалык коопсуздугун сактоо «Кыргыз почтасы» Жумгал райондук бөлүмүнүн башчысы Н. Исмаиловага жүктөлсүн.
3. Кыркылган теректердин ордуна декоративдүү бактар отургуузулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К. Ибраимовго тапшырылсын.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Бөдөшбеков |