Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы №9
Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайында каралган жергиликтүү жамааттын Уставы боюнча депутаттардын сунуштарын эске алып Чаек айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин;
2. Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы облустук жана (же) райондук массалык маалымат каражаттарына (веб-сайтына) жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын;
3. Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 Токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жиберилсин;
4. Ушул токтомдун аткарылы көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Ибраимовго жүктөлсүн.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Бөдөшбеков |