Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели № 25/3
Кум-Дөбө айыл өкмөтундө киреше бөлүгүнүн 01.01.2012-жылга карата, 2011-жылдын жыйынтыгы менен бюджетти аткаруудан экономия болгон каражатты пайдалануу жөнүндө
Кум-Дөбө айылдык округунун башчысы С.Убалиевдин жана ФЭБ башчысы, башкы бухгалтер Б.Тажиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,депутаттардын Кум-Дөбө айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кум-Дөбө айылдык округунун 01.01.2012-жылга карата, 2011-жылдын жыйынтыгы менен экономия болгон 306506 сом 97 тыйын жана атайын эсептеги 78756 сом 40 тыйын каражатты пайдаланууда төмөндөгү статьяларга каржыланып, чыгымдалсын.
Раздел | Чыгымдоо статьясы 2214
| Чыгымдоо статьясы 22156900 | Баары |
Аппарат | 40 000-00 | 266506-97 | 306506-97 |
Атайын эсептеги 78756 сом 40 тыйын 22156900 статьясына жумшалсын.
Бул чыгымдардын жумшалышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге жана экономика,финансы,бюджет жана орто бизнести онүктүрүү боюнча комиссиясынын башчысы Н.Көчөровго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кум-Дөбө айылдык Округдук Кенешинин төрагасы |
Б. Абдырасаков |
Жиберилсин:Депутаттардын Кум-Дөбө айылдык округдук
Кеңешине, Кочкор райондук фин.отделине,Кочкор райондук
Казына бөлүмүнө,иш кагаздарына.