Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели № 25/2
Кум-Дөбө айылдык Округдук Кеңешинин айылдык округунун 2010-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин-айылдык округунун 2012-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү ФЭБ башчысы- башкы бухгалтери Б.Тажиевдин отчетун, айылдык Кеңештин экономиика,бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Көчөровдун кошумча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кум-Дөбө айылдык округунун Кеңеши Кум-Дөбө айылдык округунун 2010-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 17283,5 мин сомго, чыгашалар 17152,2 мин сомго бекитилсин.
2. 2012-жылга Кум-Дөбө айылдык округунун жергеликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 32774.7 мин сом, мунун ичинен, жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер 1720,8 мин сом, категориалдык грант 27717,3 мин сом, тендештирүү грант 3336,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2012-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашалары категориалдык жана тендештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелиринин эсебинен төмөндөгудөй өлчөмдө бекитилсин:
§ ыктыярдуу патент салыгы 135,0 м.сом.
§ бирдиктүү салык - 20.0 м.сом
§ сатуудан тушкөн салык- 5.0 м.сом.
§ айыл чарба жеринен салык- 520.0 м.сом.
§ огород салык- 317.6 м.сом.
§ айыл чарба эмес багыттагы салык- 10.0 м.сом.
§ транспорт салык- 220.0 м.сом.
§ кыймылсыз мулккө салык- 5.0 м.сом.
§ тазалык жыйым- 40.0 м.сом.
§ атайын каражат- 114.0 м.сом.
§ атайын каражтка салык- 5.0 м.сом.
§ адм.штраф- 15.0 м.сом.
§ ФПС аренда акысы- 114.2 м.сом
§ подох.налог - 200.0 м.сом
Баары- 1720,8 м.сом.
§ категориалдык грант- 2771,3 м.сом.
§ тендештирүүчү грант- 3336.6 м.сом.
§ Жалпысы- 32774,7 м.сом.
§ башкаруу аппаратына – 2803,6 м.сом.
§ агартуу тармагына- 28949,9 м.сом.
§ маданият тармагына- 1021,2 м.сом.
Баары- 32774,7 м.сом.
2012-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Курманалиева, К.Абдыраимова, Ж.Дүйшөкулова, А.Касмалиеваларга милдеттендирилсин. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
Каралган бюджеттин аткарылышын максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы Кум-Дөбө айылдык округунун башчысы Убалиев Садыбакаска жана ФЭБ башчысы-башкы бухгалтер Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айылдык округуна тапшырылсын.
Депутаттардын Кум-Дөбө айылдык Округдук Кенешинин төрагасы |
Б. Абдырасаков |
Жиберилсин: Кум-Дөбө айылдык округдук Кеңешине, Кочкор райондук
финансы бөлүмүнө, Кочкор райондук Казына бөлүмүнө.