Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели № 25/1
Кум-Дөбө айылдык Кенешинин Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун жүргүзүп келген иштери жөнүндө
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун маалыматы, Депутаттардын Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин,Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин,Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө иштеген кызматчылардын иштөө функциясы жана аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тапшырылсын.
Депутаттардын Кум-Дөбө айылдык Округдук Кенешинин төрагасы |
Б. Абдырасаков |