САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2012-жылдын 13 апрели №23/154
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин-айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин-айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Курманов Нурландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кенешинин-айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 4749,0 сомго, чыгашалары 4739,3 сомго аткарылганы белгиленсин. Жыл башында бош калган калдык 3069 сомго, жыл аягында калган калдык 3315 сомго бекитилсин.
Кеңештин төрагасы | А. Байтереков |