Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13 апрели № 23/155
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин-айыл өкмөтүнүн 2012-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айылдык Кеңешинин-айыл өкмөтүнүн 2012-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башкы эсепчиси Курманов Нурландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү боюнча10314,9 сомго, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүчү кирешелер 225,9 сом, категориалдык грант 8095,8 сом , теңдештирүүчү грант 1993,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2012-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 10314,9 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн кирешелери төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Киреше булактары | Берилген план |
1. | Киреше салыгы | 35,0 |
2. | Ыктыярдуу патенттен түшүүчү салык | 5,0 |
3. | Атайын каражаттан түшүүчү салык | 0,5 |
4. | Кыймылсыз мүлккө салынуучу салык | 7,4 |
5. | Транспорт салыгы | 60,0 |
6. | Жер салыгы физикалык тарап | 12,5 |
7. | Жер салыгы юридикалык тарап | 30,0 |
8. | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 20,0 |
9. | Сатуудан түшкөн салык | 5,0 |
10. | ФПСтин аренда акысы | 12,3 |
11. | Тазалык жыйым | 4,7 |
12. | Мамлекеттик жыйым | 15,5 |
13. | Административдик айып | 15,0 |
14. | Атайын каражаттан түшүүчү салык | 3,0 |
| Жалпы киреше | 225,9 |
№ | Статьялардын аталышы | Сумма м.с. |
1. | эмгек акыга | 1248,0 |
2. | соцфондго чегерүү | 186,6 |
3. | кызматтык сапарга чыгым | 17,0 |
4. | унаа менен тейлөө кызматы | 40,0 |
5. | башка кызматтык чыгымдар | 41,0 |
6. | атайын каражат | 3,0 |
| Баары: | 1535,6 |
№ | Статьялардын аталышы | Сумма м.с. |
1. | эмгек акыга | 477,6 |
2. | соцфондго чегерүү | 82,4 |
| Баары: | 261,3 |
3.Агартуу тармагы боюнча:
| ||
№ | Статьялардын аталышы | Сумма м.с. |
1. | эмгек акыга | 6904,7 |
2. | соцфондго чегерүү | 1191,1 |
3. | мугалимдердин билимин жогорулатуу | 20,0 |
4. | тамак ашка | 103,5 |
| Баары: | 8219,3 |
Жалпы чыгым: 10314,9
5. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчик имараттарын каттоодон өткөрүүгө карата теңдештирүүчү грант 60,0 м. с., мугалимдердин билимин жогорулатууга курска жиберүүгө категориалдык грант 278,1 м.с. акча каражатын кошумча карап берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен суралсын
6. 2012-жылда бош калган каражат 1348,99 сом болгон, бул каражат аппараттын ар кандай чыгымдар статьясына бөлүштүрүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |