Редакцияот 13.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2012-жылдын 13 апрели №23/158

Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 26.01.2009-жылдагы № 30 «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жайыт комитетинин төрагасы

Ж. Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин 2012-жылга карата кирешелер бөлүгү 232,0 сом мунун ичинен жайыт акысынан 192,0 сом, банкта 30,0 сом, жайыт акысынан калдык 10,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2012-жылга жайыт комитетинин чыгашалары төмөндөгүдөй бекитилсин.

 

№

Статьялардын аталышы

Сумма миң сом

1.

эмгек акыга

114,0

2.

Соц.фондго чегерүү

19,0

3.

Жайыт салыгы

24,0

4.

Сатуудан түшкөн салык

4,8

5.

Райондук ассоцияга 0,3%

10,0

6.

Ар кандай чыгым

5,2

7.

Жайытты жакшыртуу фондуна

10,0

8.

2012-жылдын жайыт проектисине

30,0

9.

Инвентар алууга жана транспорттук чыгым

14,0

 

Жалпысы

232,0

 

3. Сыртан келген малдан алынуучу жайыт акы, айып акылары жайытты өнүктүрүү фондусуна которулсун.

4. Токтомдун аткарылышын жайыт комитетине милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Кеңешинин төрагасы

 А.Байтереков