Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13 апрели №23/165
Табигый курулуш материалдарын алууга алынуучу акынын өлчөмүн бекитүү, № 14 ЖТИге айыл чарбасына жараксыз жерден карьер ачууга жер берүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси Сасыков Асыкбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдар боюнча табигый курулуш материалдарын алууга жер аянттарын жана № 14 ЖТИ ге айыл чарбасына жараксыз жерден карьер ачып кум, шагыл алууга жер аянттарын жеринде чектеп берүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Табигый курулуш материалдарын алууга бир машинасы жергиликтүү тургундар үчүн 50 сом, сырттан келип алуучулар үчүн көлөмүнө жараша 500 сомдон 1000 сомго чейин бекитилсин.
3. Алынган акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетуна кириштелип, ар кандай чыгымдар үчүн пайдаланылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Сары-Булак айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |