Редакцияот 13.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2012-жылдын 13 апрели №23/173

Сары-Булак айылынын жашоочуларына турак-жай салууга жер берүү жөнүндө

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 14. 11. 2011-жылдагы № 155-б буйругу менен Сары-Булак айылында калктуу конушту кеңейтүү үчүн айылга жанаша жайгашкан жайыт жерден 6,0 га жер берилген, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Алиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-статьясынын 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык  депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айылында калктуу конушту кеңейтүү үчүн берилген 6,0 га жерди, Кыргыз Республикасынын  жер кодексинин 32-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык турак үй курууга 0,07 (жети) сотыхдан жер берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Алиевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Сары-Булак айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кеңешинин  төрагасы

А. Байтереков