Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26 июну №24/179
Ак-Кыя айылындагы бузулган мектептин курулуш материалдарын баалап сатуу жөнүндө
Ак-Кыя айылындагы Кара-Кужур айылдык өндүрүштүк кооперативинин кеңсесин сатып алуу үчүн, Ак-Кыя айылындагы бузулган мектептин курулуш материалдарынан жана МЧС тарабынан жардамга келген шифердан баалап сатып кеңсенин акчасын төлөгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы бузулган мектептин курулуш материалдарынан жана МЧС тарабынан жардамга келген шифердан баалап сатуу үчүн райондук газеттага жарыя берилсин.
2. Ак-Кыя айылындагы бузулган мектептин курулуш материалдарынан жана МЧС тарабынан жардамга келген шифердан бааланып аукцон аркылуу сатылып, Кара-Кужур айылдык өндүрүштүк кооперативинин кеңсесин сатып алууга керектелсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |