Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-октябры № 159
2013-жылдын 14-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын - Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2013-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 152 токтому менен дайындалган, Ош облусунун Кapa-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү.
Аталган аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын - Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 14-октябрындагы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Тургунбаев Зарлык Тургунбаевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын шайланган мэри деп табылсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган Кара-Суу шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовко жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Т. Абдраимов |
|
|